www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Киевге 2026-жылы бөлүнө турган 90 миллиард евролук каржылоонун ичинен аскердик муктаждыктар үчүн 28,3 миллиард евро убада кылды. Ошондой эле Украинаны Европанын дрон өндүрүү долбоорлоруна толук интеграциялоо каралган.

Бул тууралуу Европа комиссиясынын төрайымы Урсуула фон дер Ляйен Владимир Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүүдөн кийин «Х» баракчасына жазган.

«Аба коргонуу жана дрондорго каршы күрөшүү аракеттери Европанын эң шашылыш артыкчылыктарынын бири болуп саналат. Украина бул аракеттерге толугу менен интеграцияланат. Ушул жылдын өзүндө эле Европанын Украинаны каржылоо программасы өлкөнүн аскердик муктаждыктарын камсыздоо үчүн 28,3 миллиард евро бөлөт», — деди ал.

Последние новости