www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы” темасында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумуна жана боордош шаарлардын жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков чейрек кылымда ШКУ Евразия чөлкөмүндөгү кызматташтыктын эң ири жана эң абройлуу аянтчаларынын бирине айланганын белгилеп, аймактар жана шаарлар өнөктөштүктүн практикалык пайдубалына айланып, конкреттүү долбоорлор ишке ашырылып, соода-экономикалык байланыштар өнүгүп, өлкөлөрдүн бизнес коомчулугу менен элдеринин ортосундагы байланыштар чыңдалганын билдирди.  

“Акыркы төрт жылда Кыргыз Республикасынын менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүсү 2,2 эсеге өстү. Аймактык байланышты чыңдоого багытталган ири инфраструктуралык долбоорлор биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргызстанда: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, кыргыз-кытай чек арасындагы жаңы Бедел өткөрүү пунктунун курулушу, Барскоон-Бедел автожолунун курулушу, ошондой эле бир катар ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу ири долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Бул долбоорлор Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй ШКУ мейкиндиги үчүн стратегиялык мааниге ээ”, - деди МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков. 

Эрлист Акунбеков ошондой эле Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык жактан өнүгүүсү тууралуу сөз айтып, форумга келген бардык кызыкдар катышуучу тараптарды ШКУ мейкиндигинде өсүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө чакырып, Кыргыз Республикасы ШКУнун алкагында аймактар аралык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.  

Белгилей кетсек, “ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы” темасында ШКУга мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумуна жана боордош шаарлардын жолугушуусуна ШКУнун Катчылыгынан, Беларусь Республикасынан, Индия Республикасынан, Иран Ислам Республикасынан, Кытай Эл Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Пакистан Ислам Республикасынан, Россия Федерациясынан, Тажикстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан расмий жогорку кызмат адамдарынан турган делегация башчылары катышып, экономикалык байланышты чыңдоого, аймактардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жана өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди колдоону маселелерин сүйлөштү. Форумдун жыйынтыгында: 

-    Кыргыз Республикасынын “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы дирекциясы менен Беларусь Республикасынын “Брест” эркин экономикалык аймагынын администрациясынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум; 

-    Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары менен Кытай Эл Республикасынын Чжэнчжоу шаарынын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндө макулдашуу; 

-    Кыргыз Республикасынын “Нарын” эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы менен Беларусь Республикасынын “Брест” эркин экономикалык аймагынын администрациясы” мамлекеттик мекемесинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу сыяктуу бир катар документтерге кол коюлду. 

Последние новости