www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөгү Формула-1 суу жарышы экологияга зыян келтирбейт. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, Формула-1 автоунаа жана суу жарыштары дүйнө жүзү боюнча өткөрүлөт.

«Көптөгөн өлкөлөр бул жарыштарды өз аймагында өткөрүүгө аракет кылып, зарыл болгон инфраструктураны куруп жатышат. Азырынча бизде автожарыштар жок, бирок келечекте өткөрөбүз деп үмүттөнөм. Суу жарыштарына байланыштуу биз бир катар ыйгарым укуктуу органдар жана эксперттер менен жолугушууларды өткөрдүк. Алар бизге жабдуулар экологиялык жактан таза болгондуктан, элге же Ысык-Көлгө эч кандай зыян келтирилбей турганына ишендиришти. Экологиялык коопсуздукту баалоо стандарттарга ылайык жүргүзүлөт. Бул туризмди өнүктүрүү үчүн жакшы долбоор — биз дүйнөгө Кыргызстанды жана Ысык-Көлдү көрсөтөбүз», - деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Ошондой эле, ал учурда өлкөнүн көлдөрүн сактап калуу үчүн көптөгөн чаралар көрүлүп жатканын, анын ичинде алардын булганышы үчүн жазаларды күчөтүү жана эски скутерлерди колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорлору иштелип чыгып жатканын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 31-июлдан 2-августка чейин Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионатынын (Формула-1 моторлуу кайыктар боюнча эл аралык чемпионат) айланасында Кыргызстанда талкуулар күч алууда.
 

Последние новости