www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик шаркетке мүчө бир катар мамлекеттерге жасалган киберчабуулдар үчүн Орусияны айыптап, "жоопкерчиликтүү мамлекеттин" эрежелерин сактоого чакырды.

"Айрым биримдикке мүчө мамлекеттер Ghostwriter деп аталган киберчабуул болгонун каттап, аны Орусия менен байланыштырышты. Мындай нерсе кабыл алынгыс. Анткени ал биздин демократиялардын баалуулуктарына, принциптерине, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздукка коркунуч жаратууга багытталган", - деди шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел 24-сентябрда.

Бул билдирүүдөн бир ай мурда Германиянын башкы прокурору немис саясатчыларына каршы багытталган киберчабуулдарды иликтеп баштаган. Германиянын тышкы иштер министри чабуулдарды Москвадан көргөн.

Орусия мындай дооматтарды четке кагууда. Боррелдин айтымында, Ghostwriter киберкампаниясы Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин парламентине, өкмөт мүчөлөрүнө, саясатчыларына, журналисттерге каршы багытталган.

Германия жана башка мамлекеттер Орусияны буга чейин да киберчабуулдарга айыптап келишкен. Москва мындай айыптоолорду мойнуна алган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости