www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жогорку билим тууралуу дипломдун баркы кетип, билим берүү качан эле бизнеске айланып, ар бир коммерсант, базаркомдун экиден, ал эми өзүнүн атын да ката жазган депутаттардын үчтөн дипломдору бар экени бештен белгилүү эмеспи.

Акыркы маалыматтарга караганда, “6 миллион 500 миң эл жапырт диплом алсын” деп Кыргызстанда 76 ЖОЖ иштеп жаткан кези. Алардын ичинен 33ү мамлекеттик жогорку окуу жайы, калган 43 ЖОЖ жеке менчик.

Булардан “терең” билим алып жаткан 219 миң студенттин 12 пайызы бюджетте окушса, 88 пайызы контракттык негизде билим алышууда.

“Укмуштуунун төөсү жорго” дегендей, пандемияга чейин ЖОЖдордун саны 51 болсо, билим берүү жана илим министрлиги окуу онлайн форматында жүргүзүлүп жаткан мезгилде “күжүрмөндүүлүк” менен иштеп, жыйырмадан ашык жаңы ЖОЖ ачып жибергенин карабайсызбы?

Маселен, бизге салыштырмалуу 35 миллион калкы бар Өзбекстанда 80 ЖОЖ бар экени маалым... Эми биздеги билимдин сапаты аман эле болсун. Көбү 500-1000 студенти бар “карлик” университеттер, аларда сабак деле болбойт, кагаз жүзүндө студенттери бар, де-факто окуган эч ким жок. Бирок сессиялар тапшырылып, алтургай мамлекеттик экзамендер “берилип”, фамилиясын туура жазалбаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор таратылып жатат.

Жыйынтыгында университеттер, өзгөчө сайдын ташындай көбөйгөн жеке менчик окуу жайлар сабатсыз, билимсиз адистерди күргүштөтүп чыгарып жатышат.

Бул багытта шашылыш чараларды көрүү зарыл. Министрликтеги ЖОЖ ачканга лицензияларды сатып, чөнтөгүн долларга толтурган коррупциялык схема текшерилиши керек.

Акыркы он жылда министр болгон Абдылда Мусаев, Канат Садыков, Эльвира Сариева, Гүлмира Кудайбердиева, (маркум Каныбек Исаков), Алмаз Бейшеналиевдердин декларациялары текшерилип, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү, каржылык активдери аныкталып, тапкан кирешелери алган айлыктарына дал келеби, же Кылмыш кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренелери боюнча “кусабы” – аны күч органдарынын тергөө амалдары көрсөтөт...

Ал эми азыркы министр Болотбек Купешовго кылмыш иши козголгону боюнча каңшаар тарап, элди эки анжы ойго түртүп салды...

Булак: Азия News гезити

Последние новости