www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттыктын» тажик кызматы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Чек ара башкармалыгындагы булагына таянып, "Ансоруллах" тобу (Кыргызстанда тыюу салынган диний уюм) Тажикстанга кол салышы мүмкүн экенин жазды.

Маалыматка караганда, тажик бийлиги учурда оперативдик кабарларды иликтеп, ошол эле учурда өлкөнүн күч түзүмдөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирген.

Куралдуу жоочулардын кол салышы тууралуу кеп-сөздөр бар экенин Тоолуу Бадахшан автоном облустук администрациянын маалымат катчысы Голиб Ниятбеков дагы "Озоди" радиосуна ырастады.

"Бирок бул болгону имиштер. Мамлекеттик чек ара тилкесинде көзөмөл күчөтүлдү. Облуска мамлекет башчынын келери күтүлүп жатат. Тургундарда кооптонуу жок, баары күнүмдүк иштери менен алек", -деди ал.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Тоолуу Бадахшанга качан барары белгисиз.

"Талибан" кыймылы Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймагына июнь айында көзөмөл орноткон. Чек аранын бир бөлүгүн талибдер Тажикстанда тыюу салынган "Ансоруллах" тобуна табыштаганын "Озоди" радиосу аныктап чыккан.

Сөз болуп жаткан топтун бир катар согушкерлерине расмий Дүйшөмбү эл аралык издөө жарыялаган.

"Ансоруллох" (Ансарул Аллах) — Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2012-жылдын 24-октябрынан тарта террорчул уюм деп таанылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости