www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги орусиялык мамлекеттик энергетикалык гигант “Газпром” компаниясынын Польша менен Болгарияга газ берүүсүн токтотконун “Москванын шантажы” деп баалады.

Аталган эки өлкөгө көгүлтүр отун берилбей калганы 26-апрелде белгилүү болгон. "Газпром" 27-апрелде билдирүү таратып, Польша менен Болгария жаңы схема менен төлөм жүргүзбөгөнү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдады. Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн айда киргизген схемага ылайык, “дос эмес өлкөлөр” мындан ары газды рубль менен сатып алышы керек.

“Газпром” компаниясынын газды Европага жеткирүүнү бир тараптуу токтотуу тууралуу кулактандыруусу Орусиянын газды шантаждын инструменти катары пайдалануу аракети”,-деп айтылат Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйендин билдирүүсүндө. Ал Евробиримдик мындай сценарийге даяр экенин да кошумчалады.

Польша өкмөтүнүн стратегиялык энергетикалык инфраструктура боюнча өкүлү Петр Наимский 26-апрелде Варшава газдын акысын рубль менен төлөбөй турганын билдирген. Болгариянын энергетика министри Александр Николов 27-апрелде өлкө өзүн бир ай көгүлтүр отун менен камсыз кыла аларын, ага чейин альтернативдүү чечим табыларын кабарлады.

Евробиримдиктин башка мүчөсү – Венгрия 27-апрелде Болгария менен Сербиядан өткөн транзиттик линия менен орус газын кадимки режимде алып жатканын билдирди. Венгриянын оңчул премьер-министри Виктор Орбан Путин менен дос жана ал орус газын рубль менен сатып алууга макул болгон.

Европа Биримдигиндеги өлкөлөр жылына 350-400 млрд. куб метр газ керектейт. Айрым маалыматтарга караганда, Европа мунун 40% Орусиядан сатып алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости