www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Коргоо министрлиги Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппинин Киевден Орусиянын аймагына сокку уруу боюнча айтканын чагым деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Хиппи Лондондон алып келинген куралдарды украин аскерлери Орусиянын объектилерин аткылоо үчүн колдонуусу көйгөй жаратпай турганын айткан.
“Ачыктан-ачык чагымчылык. Лондон Киев режиминдеги мындай кадамдарын ишке ашырууга аракеттенсе тез арада мизи кайтарылат. Буга чейин эскерткендей эле Орусиянын куралдуу күчтөрү күнү-түнү даяр турат. Киевдин тиешелүү чечимдерине жараша алыскы аралыктан туруп жогорку тактыкта сокку уруучу курал менен жооп кайтарылат”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле РФ Коргоо министрлиги батыш өлкөлөрүнүн биринен келген кеңешчилердин Украинанын чечим кабыл алуу борборунда отурушу Орусиянын жооп кайтаруусуна көйгөй жаратпай турганын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg