www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жер казынасы жөнүндө», «Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө келишимдер жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.
Катталган 77 депутаттын баары «макул» деп добуш берди. Буга чейин депутат Марлен Маматалиев билдиргендей, мыйзам долбоору жеке жана юридикалык жактар, инвесторлор менен мамлекет тарабынан жер казынасын пайдалануудан келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Булак: NazarNews.kg