www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Брюсселдеги жолугушууда Украинага курал-жарак сатып алуу үчүн кошумча 1 миллиард евро бөлүү боюнча саясий чечим кабыл алаарын Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок билдирди.

Бербок жолугушуунун алдында: "Курал-жарак менен камсыздоого келсек, биз кошумча колдоо керек экенин көрүп турабыз, ошондуктан биз бүгүн саясий чечим кабыл алып, Украина өзү курал-жарак сатып ала алышы үчүн Европа тараптан колдоону миллиардга көбөйтөбүз", - деп билдирген.

Ошондой эле, Украина Германиянын өндүрүүчүлөрүнөн курал сатып алса, бул иш мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашаарын маалымдаган. Министр белгилегендей, Орусиянын турумуна байланыштуу коопсуздук маселелери эске алынат, андыктан жеткирүүлөрдүн чоо-жайы ачык айтылбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости