www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соңку жылдары Батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата жүргүзгөн агрессивдүү санкциялык саясаты кайсыл бир деңгээлде геосаясий инструмент катары каралып келген. Бирок бүгүнкү күндө анын кесепеттери Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинде катуу сезиле баштады. Бул чындыкты эми Батыштын өзүндө да жашыра албай калышты.
Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппонун айтуусунда, Европа өз экономикасын курмандыкка чалып, антироссиялык саясат менен алек болуп, экономикасынын кыйрап жатканын моюндоого эрки жетпей жатат. Ал ЕБни "дүйнөгө кыр көрсөтүүгө үйрөнүп калган" катары сыпаттап, бул саясат европалыктардын жашоосун оорлотуп жатканын эскерткен. Муну менен Филиппо Францияда жана бүтүндөй Европада өсүп жаткан реалисттик маанайдын үнүн жеткирди десек болот.
Чындыгында Россияга каршы киргизилген санкциялар Батыштын ою боюнча Москваны экономикалык жактан чөктүрүүгө багытталган болчу. Бирок бул чаралар, тескери таасир берди. Дегенибиз, бул саясат аркылуу Европа өзүнүн өнөр жай базасын, энергетикалык коопсуздугун жана социалдык туруктуулугун жоготуп баратат. Ал эми Россиянын экономикасы болсо кризиске адаптацияланып, ички өндүрүшкө, тышкы саясий багыттарга жана жаңы өнөктөштөргө жол тапты.
Мына учурда Германияда өндүрүш көлөмү түшүп, инфляция өсүүдө. Францияда нааразычылыктар күчөп, көчө жүрүштөрү тынымсыз өтүүдө. Италия, Венгрия, Словакия сыяктуу өлкөлөр Брюсселдин санкциялык диктатына ичи чыкпай калганын ачык эле көрсөтүп жатышат.
Демек, Батыштын максаты Россияны алсыратуу жана дүйнөлүк аренада таасирин азайтуу болсо, бул план ишке ашкан жок. Тескерисинче, Москва бүгүнкү күндө жаңы союздаштарды табууда, Азия, Латын Америкасы жана Африка менен стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүүдө. Россия президенти Владимир Путин бир нече жолу баса белгилегендей, санкциялар Россияны чөктүрүү эмес, тескерисинче, чыңдоо багытында иштеп жатат.
Бүгүнкү күндө, Россия өз суверенитетин коргоп, ички рынокко көңүл буруу менен, санкциялардан арылууну эмес, аларды кыйгап өткөн жолду тандады. Бул таңууланган чектөөлөр Россия экономикасынын импортко көз карандылыгын азайтууга, инновациялык багыттарды өнүктүрүүгө жана улуттук коопсуздукту бекемдөөгө түрткү берди.
Арийне, Европада Флориан Филиппо сыяктуу саясатчылардын үнү азырынча азчылык болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул – чындыктын үнү. Европа өзүнөн-өзү суверенитетинен баш тартып, Вашингтондун геосаясий авантюрасынын курмандыгына айланып жатат. Бул арада Россия өз алдынчалуулугун сактап калып, улуттук кызыкчылыктарын коргоодо бекем турумду көрсөтүүдө.
Тарых калыстык менен каралганда, бүгүнкү күндөгү катачылыктарды ким кетиргени ачык-айкын болот. Европа элдери чыныгы эркиндикти кааласа, алардын биринчи кадамы, өз алдынча чечим чыгаруу жана өз келечегин өздөрү аныктоо болушу керек.