www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаарында алты адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы алдын ала маалымат боюнча үйдө электр жылыткычын колдонуудан чыкканын биллдирди. Турак жай оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан.

Расмий маалыматка ылайык, 22-октябрда болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жетип, саат 06:25те өрт чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 280 чарчы метрди түзгөн.

Кырсыктын кесепетинен алты адам — 34 жаштагы келин жана анын беш баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон.

Последние новости