www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдигине мүчө мамлекеттер Россиядан газ импорттоого тыюу салуу планын бекитти. Чечимге ылайык, Евробиримдик 2026-жылдын аягына чейин Россиядан суюлтулган жаратылыш газын (СПГ), ал эми 2027-жылдын 30-сентябрына чейин газ түтүктөрү аркылуу келчү газды толук токтотот.

Жаңы эрежелер айрым өлкөлөргө газ корун түзүүдө кыйынчылык жаралса, 2027-жылдын 1-ноябрына чейин мөөнөттү узартууга мүмкүнчүлүк берет. Чечимге Словакия менен Венгрия каршы добуш берди, Болгария калыс калды. Венгрия документти ЕБ сотунда талашарын билдирди.

Украинадагы согушка чейин ЕБге импорттолгон газдын 40%дан ашыгы Россиядан келсе, 2025-жылы бул көрсөткүч 13%га чейин азайган. Ошого карабастан, айрым өлкөлөр дагы эле Россиядан нефть жана газ сатып алууда.

Жаңы регламент Россия газы боюнча жаңы келишимдерге тыюу салат жана мурда түзүлгөн келишимдерди токтотууну милдеттендирет. Эрежени бузган компанияларга жылдык дүйнөлүк жүгүртүүсүнүн 3,5%ына чейин айып пул салынат.

Последние новости