www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Владимир Зеленский эгер жолугушууга даяр болсо, Москвага келип, Владимир Путин менен жолуга аларын, ага коопсуздук кепилденерин билдирди.

- Биз мындай деңгээлдеги байланыштардан эч качан баш тарткан эмеспиз жана азыр да баш тартпайбыз. Эң негизгиси мындай жолугушуулар жакшы даярдалышы керек. Экинчиден, алар конкреттүү оң жыйынтыктарга багытталышы зарыл. Эгер Зеленский чындап эле жолугушууга даяр болсо, биз аны Москвага чакырабыз жана анын коопсуздугун, ошондой эле иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды кепилдейбиз, - деди Юрий Ушаков.

2025-жылдын күз айларында Владимир Путин Зеленскийди Москвага келип, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаган. Бирок ал сунуштан баш тарткан.

Последние новости