www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Киев бийлигинин Батыштан алган насыясын Украинанын бир нече мууну төлөйт. Мындай макала Испаниянын Rebelión басылмасына жарык көргөнүн РИА Новости жазды.
"НАТО мамлекеттери Украинага курал-жарактын ири партиясын жеткирип, миллиарддаган насыяларды берүүдө. Эми Киев мунун баарын пайызы менен төлөйт. Бул акчадан кутулуу милдети Украинанын бир нече муунуна жүктөлмөкчү", — деп жазылат макалада.
Басылма буга чейинки насыяларын жабыш үчүн Украина кайра карыз алууга мажбур болорун айтып, карыз улам өсө берерин, ал эми мамлекеттин социалдык жоопкерчилиги төмөндөй турганын кошумчалаган.
"Жыйынтыгында Украина карыздан кутулуу үчүн өз ишканаларын Батышка ит бекер берип калышы ыктымал. Киев бийлиги Вашингтон менен Брюсселдин Москвага каршы буйругун аткаруу кечирилгис ката болгонун акыры түшүнүшү керек", — деп жазылган макалада.
Буга чейин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль 2023-жылы Киевге 55 миллиард доллар керек болорун маалымдаган.
Булак: NazarNews.kg