www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камалган саясатчыларды белгилүү деп айта албайм. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кечээ, кесиптештер белгилүү саясатчылар менен журналисттерди массалык түрдө кармоолор болуп жатканын айтышты. Камалган саясатчылар алар "дежурный саясатчылар", бийлик саясатчылары. Эгер бийлик берсе бийликти мактайт, бийликтен кетсе бийликти жамандайт. Мына буларды биз "дежурный саясатчы", обончу саясатчы дейбиз. Мен кыргызга аттын кашкасындай белгилүү саясатчыларды билем. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Накен Касиев, Медеткан Шеримкулов, Садыр Нургожоевич, Камчыбек Кыдыршаевичтерди билем. Мынакей ушуларды белгилүү саясатчылар десе болот.

Кечээ мурдагы президент Алмаз Шаршенович камалган аялдарды, жаш балдарды чыгаруу керек, деп интервью берди. Мен ал кишинин айткандарына кошулбайм. Ал кишинин мезгилинде деле аттуу-баштуу саясатчылар камалган. Текебаев, Жапаров, Ташиев, Мамытов камалган. Андан башка белгилүү журналисттер деле камалган. Андыктан буга калыс карасак", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости