www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия жана бир катар Европа өлкөлөрү Израил армиясынын Ливандын аймагындагы аскердик операциясын кеңейтүүсүнө тынчсыздануусун билдирип, тараптарды ок атууну токтотууга чакырышты.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху армия Ливандын түштүгүндөгү стратегиялык Бофор сепилин көзөмөлгө алып, операцияны өлкөнүн ички аймактарына чейин кеңейтүүнү көздөп жатканын билдирди.
Ливандын маалыматына ылайык, жаңжал күчөгөндөн бери 3 миңден ашуун адам каза болуп, 1,2 миллионго жакын тургун жер которууга аргасыз болгон. Израил болсо 23 аскер кызматкери жана 4 жай тургун набыт болгонун маалымдады. АКШнын ортомчулугу менен Израил жана Ливан өкүлдөрү тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууда.