www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 1-июлунан тартып Россия Федерациясына кирүүдө Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы талаптар күчүнө кирет.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы тартип КМШнын визасыз режимдеги өлкөлөрүнүн жарандарына, анын ичинде Кыргызстан жарандарына да тиешелүү болот.

Жаңы эрежелерге ылайык, Россияга бара турган жарандар алдын ала «RuID» мобилдик тиркемеси аркылуу каттоодон өтүшү керек.

Бул үчүн тиркемени жүктөп алып, паспорттук маалыматтарды киргизүү, сапардын максатын, кирүү жана чыгуу күндөрүн, бара турган аймакты көрсөтүү талап кылынат.

Мындан тышкары, жеке кабинетке сүрөт, биометрикалык маалыматтар жана үн жазуусу жүктөлүп, өлкөгө кирүүгө арыз берилет.

Андан кийин чек ара көзөмөлүндө көрсөтүлүүчү QR-код берилет. Ал 90 күн бою жарактуу болот.

Арыз мамлекеттик чек арадан өтүүгө кеминде 72 саат калганда тапшырылышы керек. Өзгөчө кырдаалдарда, мисалы жакын тууганынын оор абалы же каза болушу сыяктуу учурларда, арызды кирүүгө 4 саат калганда берүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле Россияга кирүү пункттарында чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү биометрикалык идентификациясы — сүрөткө тартуу жана манжа издерин алуу тартиби күчүндө кала берет.

Министрлик эл аралык жүк ташууларды аткарган кесипкөй айдоочулар үчүн да жеңилдик каралганын белгиледи. Белгиленген тартипте арыз берген айдоочулардын Россиядагы убактылуу болуу мөөнөтү бир календардык жыл ичинде жалпысынан 180 суткага чейин узартылат.

Эмгек министрлиги Россияга иштөө же билим алуу максатында барууну пландаган жарандарды жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, «RuID» тиркемеси аркылуу каттоодон өтүүгө чакырды. Бул чек арадан өтүүдө мүмкүн болгон кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.

Последние новости