www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NABU Кыргызстан уюмунун кызматкерлери өткөн жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын аймагына орноткон фотокапкандарды чечип алып, алардан илбирс баш болгон, эчки-теке, куран-элик, каман сыяктуу жаныбарлардын фотолорун алышты.

Учурда фотомаалыматтар талданып, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны боюнча маалыматтар такталууда.

Аталган аймакка фотокапкандарды өткөн жылы, тактап айтканда, 2025-жылдын ноябрь айында биздин уюмдун “Барс-2” тобунун, “Мониторинг” бөлүмүнүн жана “Жашыл өрөөн” коомдук бирикмесинин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн атайын иш-чаранын алкагында орнотушкан болчу.

Жакында NABU Кыргызстан уюму өткөн жылы Чүй обулсундагы "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркына жана Ош облусундагы Кара-Суу районунун Сарыгой капчыгайына орноткон фотокапкандарды алышты. Аларда илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, эчки-теке, бугу-марал, куран-элик, каман, улар ж.б. ондон ашуун жаныбарлардын түрлөрү түшкөнү аныкталган.

Фотокапкандарды орнотуу, жапайы жаныбарларга мониторинг жүргүзүү ишинин алкагында, сейрек кездешүүчү жаныбарлардын, анын ичинде илбирстердин сүрөттөрү да алынып, учурда ал маалыматтар жаратылышты коргоо иштеринде жана жапайы жаныбарларды изилдөөдө пайдаланылып жатат.

Последние новости