www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа өлкөлөрү быйыл Орусиядан деңиз аркылуу ташылган суюлтулган газды рекорддук көлөмдө сатып алышты. Бул тууралуу «Financial Times» жазып чыкты.

Орусиядан Европага өтүүчү куурларда газ токтоп калганы менен танкерлер менен ташылган суюлтулган газдын экспорту дагы эле уланып жатканы белгиленди. Бул Европа орус газына болгон көз карандылыктан кутула электигин көрсөтүп турат.

Европа өлкөлөрү быйыл январдан октябрга чейин Орусиядан газды 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40% көп сатып алышкан.

«Бул Брюсселдин Москва газынан баш тартабыз дегенине карабай, орус газына болгон көз карандылыктан кутулуу кыйын экенин көрсөтүп турат», - деп жазат басылма.

Акыркы он айда Орусия Европага 17,8 миллиард куб метр газ экспорттогон. Бирок бул мезгилдин ичинде 62,1 миллиард кубометр газ куур аркылуу Европага агып чыкмак. Ошого карабастан суюлтулган газды экспорттогон Европа Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге энергетикалык «курал» берди.

Глобалдык изилдөө борборунун аналитиги Анн-Софи Корбо суюлтулган газды Орусиядан сатып алуунун кесепеттерин эскертти.

«Бир күнү Путин Европага суюлтулган газды жөнөтүүнү токтотобуз» деп айтышы мүмкүн. Бул аймакты кымбатыраак базардан газ сатып алууга мажбурлоодо», - дейт талдоочу.

Ал кошумчалагандай, Орусия саясий утушка жетүү жана европалыктарга кысым көрсөтүү үчүн СУГГ танкерлерин Пакистан жана Бангладеш сыяктуу энергияга муктаж өлкөлөргө бурушу мүмкүн. Анткени жогорудагыдай мамлекеттер энергиянын тартыштыгынан жапа чегип, газ сатып алууга чамасы жетпейт.

Кээ бир Европа өлкөлөрү энергетикалык коопсуздуктан улам орус газына санкция киргизе элек.

Орусия Украинага басып киргенде газ куурлары аркылуу өтүүчү газды токтотуп, Европанын күнүмдүк жашоосун начарлатууга аракет кылган. Андан тышкары Орусия куурларды жабуу менен энергиянын кымбатташына себепкер болду.

«Брюгель» аналитикалык борборунун маалыматы боюнча, Орусиядан газ түтүктөрү аркылуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 80%га азайган.

Орусиядан Европага суюлтулган жаратылыш газынын көбү Novatek компаниясына таандык биргелешкен Yamal LNG ишканасынан келет.

Орусия 2017-жылдан бери Европанын эң негизги үч энергия булактарынын бири. Европа акыркы үч жылда жалпы газ импортунун 20 пайызга жакынын Орусиядан алды. Энергиянын 42% АКШдан сатылып алынган. Катар алдыңкы үчтүккө кирди. Араб өлкөсү Европанын газга болгон муктаждыгынын 13,7 пайызын камсыздайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости