www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 10-январга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-ноябрда шаардык сотто Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылган.

Буга чейин, 4-ноябрда Теңгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын караган Октябрь райондук соту аны 10-январга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости