www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евробиримдик тарабынан орус мунайына толук эмбарго тогуз айдан кийин киргизилет. Бул датаны Il Messaggero гезитине берген маегинде Еврокомиссиянын экономика боюнча комиссары Паоло Жентилони атады. «Кыска мөөнөт мунайдын дүйнөлүк баасына терс таасирин тийгизет, ал биздин максаттарыбызга карама-каршы келет», - деп түшүндүрдү ал.
Еврокомиссар мындай чечим европалык экономикага таасир тийгизет, бирок орусиялыктарга дагы сокку урулат деп эсептейт. Санкцияларды киргизүү маселесинде Еврокомиссия ушул убакка чейин тең салмактуулук принцибин жетекчиликке алып келген, деп баса белгиледи ал.
4-майда Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү орусиялык мунайдын импортуна эмбарго боюнча мунасага келе алышкан жок. Бир катар өлкөлөрдө, алар ичинде Мажарстан, Словакия, Чехия жана Болгария үчүн орус мунайынан баш тартуу сунуштары тынчсызданууну жаратты.
ЖМКлар Мажарстан менен Словакия орусиялык мунай сатып алуу укугуна бери дегенде 2024-жылдын башына чейин ээ болоорун жазышты. Бул укуктан Болгария менен Чехия да пайдалана алат.
Булак: NazarNews.kg