www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дөөлөт Сыдыковдун чет өлкөгө кетишинин чоң саясатка айлануусунун 5 себеби же кырдаалдан кантип чыгуу керек?

“Манас” айылы боюнча башталган ызы-чуу Дөөлөт Сыдыковдун чет өлкөгө кетип калуусу менен коштолуп: “Учкундан жалын тутанат!” дегендей болду да, ар түрдүү көз караштагы, ар кандай максаттагы күчтөр биригип, иш чоң саясатка айланды:

1. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манасчылык касиетин чындап баалап-урматтагандар;

2. Манаска жана Дөөлөт Сыдыковго күйбөгөн, бирок, кырдаалдан пайдаланып элди өлкө бийлигине каршы коюуну көздөп, ызы-чууну ырбатууга аракет кылып бийлик талашкандар.

3. Манасчы Дөөлөт Сыдыковго чындап күйбөгөн, бирок, мурда бийлик менен аралашып жүрүп, кызматка таарынып калгандар;

4. Кыргыздын салтына жана Конституцияга туура келбеген жоруктарды жасап, Манаска, кийимге, мектеп формасына, өлүм зыйнатына, манасчы Дөөлөт Сыдыковго каршы иш кылып, салттуу исламдан четтеген радикал-исламчыларга нааразы болгондор;

5. Манаска жана Дөөлөт Сыдыковго күйбөгөн, бирок ушундан пайдаланып, өз атын чыгарып калууга умтулгандар;

Мына ушундай себептердин натыйжасында ар түрдүү көз караштагы, ар кандай максаттарды көздөгөн күчтөр бирикти да манасчы Дөөлөт Сыдыковдун чет өлкөгө кетиши чоң саясатка айланды!

Кырдаалдан кантип чыгуу керек?..

1. Өлкө бийлиги “Манас” айылынын жер аянтынын бир сотыхын да кемитпей, имаратын архитектуралык жактан дүйнө эли суктана тургандай, кыргыздар мактана тургандай деңгээлде тездик менен куруу ишин баштап, аягына чыгаруусу;

2. Өлкө президенти Конституциянын гаранты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 9, 21-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык диний кызматкерлердин мамлекеттик мекеме болгон мектептерге барып, ички турмушуна кийгилишүүсүнө тыю салуу жана бай-кедейине, улутуна, динине карабай бирдей абалга алып келе турган шартты түзүп, ынтымакты бекемдөө үчүн мектеп окуучулары милдеттүү түрдө бирдей мектеп формасына өтүүсү жөнүндө Жарлыктарды чыгаруусу болуп саналат.

Жогоруда айтылган, жалпы кыргыздын башын оорутуп турган мына ушул маселелер өлкө бийлиги тарабынан турмуш жүзүнө ашар замат, ар түрдүү көз караштагы, ар кандай максаттарды көздөгөн күчтөрдүн саясатташкан чыңалуусу бошоңдоп, мамлекеттин стабилдүү өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, элдин бөлүнүп-жарылуусуна, ырыс-ынтымагынын кетүүсүнө, ички жана тышкы душмандардын саясий-ызы чууларды пайдаланып кетүүсүнө жол жабылат...

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости