www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузак районунда сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, селден жабыр тарткан жарандардын турак үйлөрүн тазалоого 2 миңден ашуун кызматкер, 45 техника жана 27 мотопомпа тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен:
- 211 кызматкер;
- 11 оор инженердик техника 19 мотопомпа.
Жарандык коргонуу кызматтарынан:
- 325 кызматкер;
- айыл аймак жана мекеме, ишканалардан 429 кызматкер;
- 34 техника жана 18 мотопомпа
- жергиликтүү тургундардан - 862 адам.
Кошумча:
- Кыргыз Нефтегаз 5 асинизатор (суу соргуч);
- жеке ишкерлер 4 асинизатор (суу соргуч);
Ошондой эле, Коргоо министрлигинин бөлүктөрүнөн 100 кызматкер, ИИМдин Ички аскерлеринен жана Жаза аткаруу кызматынан жалпы 85 кызматкер тартылды.
Булак: NazarNews.kg