www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган» Убактылуу Өкмөт Ош жаңжаалы үчүн жооп бере турган учур келди. Башкы прокуратурага 2010-жылдын июнь окуялары боюнча президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сурак берип чыгышкан. Дагы бир катар күбөлөр көрсөтмө бериптир. Кезек Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Темир Сариев сыяктууларга  келдиби? Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрү да жарга такалаары, айрымдары камалып кетээри да болжолдонууда. Ошондо Отунбаева «кайырмакка илинсе», анесыз деле кесилип бүткөн, Атамбаевди дагы кесишеби?

Сыягы, Июнь коогалаңы кайрадан тергелип жатышы жөн жерден эмес. Башталган иш жыйынтыктуу бүтүшү керек. Тутулгандары, кутулгандары кимдер болорун жакында көрмөкчүбүз. Айрым билермандардын баамында, 2010-жылдагы Июнь коогаланындагы көмүскө иштер көтөрүлүп жатканы канкууланды. Агезде Темир Сариев финансы министри Ош жаңжаалынан пайдаланып миллиондорду кымырып, чөнтөгүн толтурганбы? Дал ушул өңүтүндөгү суроолордун түйүнүн чечүүгө кызыгуулар жаралып жатыптыр. 2010-жылдагы Июнь окуясынын алкагынан алганда Темир Сариевке окшогонатка минерлердин тагдырлары татаалдашып тургандай. Дал ушул Темир Сариевке өзгөчө айыптар коюлуп, камалары боюнча жашыруун маалымат жүзөгө аша тургандай. Убагында кан төгүлүүгө байланыштуу бөлүнгөн миллиондор, каржылык чыр-чатактар да козголуп жатат. Айтор, кеп кызып турган чагы. УӨнүн төрайымынын биринчи орун басары, кийин президент болгон Атамбаевдин убагында экономика министри, өкмөт башчысы болгон Темир Сариевдин Кыргызстандын Бажы Союзуна кийирүүдө албан эмгеги бар.

Убактылуу Өкмөттүн финансы министри, Атамбаевдин өкмөт башчысы Темир Сариев бир топко камалып,  бошотулган. Убактылуу Өкмөттүн бекер акчасына «Ак Шумкарды» шуулдатып, Кыргыз мамлекетинин жана кээ бир банктын ячейкасындагы акчаларды Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн капчыгына салып берген Темир Сариев камалып жаткан. Банк ячейкасында жоголгон акчалардын дайыны ушул кезге чейин айкындала элек. Темир Сариев Кыргызстандын экологиясын бузуп, канадалык «Центерра» ишканасына официалдуу уруксат бергенге негиз түзүп бергени үчүн камакта. Буга чейин Темир Сариев кайрылуу жасап, эл алдында абийири таза экенин айтып, чындык үчүн акырына чейин күрөшөөрүн билдирген. Ооба, ичип жеген, соргок саясатчы Темир Сариев актанбаганда ким актанат эле? Сариев инсан катары да, жетекчи катары да өзүн жеп-жутар деңгээлде көрсөтө алган. Күздө боло турчу парламенттик шайлоого “Ак Шумкар” партиясы катышуу ниетин билдирип, БШКга арыз берген. Туруктуу электораты жок Темир Сариевге учурда биригүүнү сунуш кылгандар арбын эле. Бирок, куйту саясатчы акыл калчап, акыркы чечимин аз күндө жарыяламак. Мамлекеттин тагдыры чечилип атканда, Темике тайгак жолду тандай турганын былтыркы шайлоодо, бир «Ата-Мекенге», бир «Бүтүн Кыргызстанга» буйтап жүрүп көрсөткөн. Мындай алдамчы саясатчынын, «Күн тийген жердин күкүгүнүн» камап жатышып, шайлоо алдында бошотулду.

Биринчи май райондук соту Темир Сариевдин баш коргоо чарасын караган. Темир Сариев күнөөсү болгондуктан дагы эки айга 30-ноябрга чейин камакта калтырылган. Кумтөр темасына кызыккандар, “Кумтөр Оперейтинг Компанинин ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету ….” деген көлөмдүү документти окуп чыкса болот. 2012 – жылы Темир Сариев жетектеген комиссия канадалыктарга көз каранды болуш үчүн көп иштерди жасаган. Комиссия кенди иштетүүнүн бардык мезгилинде Кыргыз Республикасы ар бир жаңы келишим менен өз позициясынан баш тартканын туура аныктаган. Өзгөчө Данияр Үсөнов кол койгон 2009 -жылкы келишим адам өлтүрүүчүлүк менен жасалган. Комиссия келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу боюнча акылга сыярлык сунуштарды берсе болмок, ал эмес канадалыктар менен түзүлгөн бардык келишимдерди бузуш керек эле. Арийне, май талканга магдыраган Темир Сариев булганыч колдору менен кыргыздардын мөңгүлөрүн талкалоого шарт түзүп берген.

Азыркы бийлик туура жол менен канадалыктар «хай-хайлап» жаткан жыргалчылыкка бутун тосту. Негизи азыркы өкмөт көпчүлүк элдин бардык сунуштарын дээрлик аткарды. Айтмакчы, азыркы бийлик эл аралык соттордо утулуп калса, Кыргыз Республикасы үчүн тобокелчиликтерди жана кесепеттерин кыраакы сүрөттөп берди. Темир Сариев ошондо эле ушундай кадамга барганда мамлекеттин бутунан туруп кетишине жакшы жөрөлгө болмок. Темир Сариев тарабынан айлана – чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жылдык төлөмдүн өлчөмү аз көрсөтүлгөн. Эч кандай мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген бааны канадалыктарга төлөгөн.

2012 -жылы Мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына: А.Акаев, Т.Чыңгышева, Д.Сарыгулова, А, Жумагулова, Б.Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, Н.Танаев, И.Чудинов, Д.Үсөнов, К.Курманалиев сыяктуу ошондой эле башка тиешелүү официалдуу адамдарды жазалоо тууралуу беримиш болгону менен эч натыйжа чыккан эмес. Андан көрө юридикалык баа берүү жана “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө күнөөлүү адамдардын жоопкерчилик чарасын баса белгилеп, чараларды көрсө болмок.

2013 -жылдын 21 -февралында Кумтөр долбоорун ишке ашырууда Жогорку Кеңеш Комиссиянын корутундулары менен толук макул болуп, чечим чыгарган. Ошону менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн талкалоого жол ачылган.

Сариев өкмөт башына келген мезгилде Кыргызстан Бажы Союзуна киргенбиз. Жакында Орусия аймагында өзүнөн башкалардын айдоочу күбөлүгүн жараксыз деп тапкан. Бир гана Кыргызстандын «правасы» менен машина айдоого уруксат берилди. Бул албетте Темир Сариевдин эмгеги эмес. Акаевдин убагында Үзөңгү-Куушту Кытайга бергени үчүн Киев көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы имараттарды бүт менчиктештирип алганын унчукпай эле койолу. Темир Сариев Убактылуу Өкмөттүн финансы министри болуп туруп Банк ячейкасындагы акчаларды капчыгындагы акча сыяктуу көргөнүн да айтпай эле койолу. Кытай фирмасына тендер сатам деп өкмөт башчысынан кеткенин деле элдин бары билет. Темикенин «темный» иштери көп, учурда машина айдап баратып жол укуктарын сактабаганы, мыйзамды сактай алабы деген сөзгө барып такалат экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости