www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Туйгунаалы Абдраимов өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого кызыкдар эле. Мындай пикирин журналист Асланбек Сартбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Урматтуу Садыр Жапаров, Туйгунаалы Абдраимов адилеттүү, калыс саясатчы. Ал өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоого кызыкдар эле. Чүйдөгү эмоцияга алдырган жаш балдарды тыйып келген. Бирок түшүнүксүз себептерден улам камакка алынды.

Кыргыздын башчылары нарктуу аксакалдарын камап, кордогон эмес. Сизге туура эмес маалымат жеткен окшойт. Мен кепилдик болуп берейин, Туйгун байкенин ишин калыс кароого тапшырма берсеңиз. Эркиндикке чыгаруу үчүн сиз менен тилектешмин!», - деп жазган ал.

Эске салсак, Чүй облусунун мурдагы башчысы жана БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 1-майда кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал 30-июнга чейин УКМКнын тергөө абагында болот.

УКМК Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турган учурда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун «Жээк» айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 11,2 гектар таштанды таштоочу жайын «Кайнар» ишканасына бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган деп билдирген. Андан сырткары, ал компаниянын 95 пайыз акциясына ээлик кылаары аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости