www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРдин Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев манасчы Дөөлөт Сыдыковдун Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча өзүнүн пикирин Facebook баракчасы аркылуу билдирди. «Улуу касиет өнөрдү алып жүргөн манасчыларыбызды бири-бирине кайраштырбайлы, катуу айтып, кадыр сындырбай сабыр кылалы, атуул катары аныгын билбеген соң бирдеме деш кыйын, ички душмандар ирденип кетпесин абайлайлы.
Бардыгына Кудай касиет шык берген залкарлар, бир канаты жок куш алгыр болбойт, бизге эки канаты тең керек, талаштан тактык эле жараталы, тантык сөздөргө бөгөт бололу», - деп жазган ырчы.
Белгилей кетсек, жаңы Ак үй салуу үчүн «Манас айылынын» 5 сотка жери алынып жатканы белгилүү болгон. Бирок ал комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков жер берүүгө каршы чыгып, пикирин ачык билдирген. Кийинчерээк президент Садыр Жапаровго «Манас айылын» реконструкциялоо долбоору көрсөтүлдү.
Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандагы таланттуу манасчылардын бири. Ал былтыр ноябрь айында «Ала-Тоо» аянтында ордунан жылбай 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан. Филологдор анда Сыдыков Манастын бабаларынан тартып, кыргыздын Алтайдан Ала-Тоого көчө турган мезгилине чейин айтканын билдиришкен. Андан сырткары, Сыдыков быйыл Москвада беш күн, беш түн улуу эпосту айткан.
Булак: NazarNews.kg