www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Парламентинин бюджет комитети Грецияда жумушсуз калган 550 медиа кызматкерине 2, 3 миллион евролук финансылык жардамдын берилишин бекитти.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн Европа Парламентинин бюджет комитетинин жыйынында өлкөдө түрдүү медиа мекемелеринде кызмат кылгандан кийин жумузсуз калгандарга жардам берүү сунушун бекитти.

Бюджет комитети 550 медиа кызматкеринин жумуш издөөсүнө жардам берүү максатында 2,6 миллион евролук булак берүү тууралуу сунушту 3 добушка каршы 28 добуш менен кабыл алып бекитти.

Европа Биримдиги тарабынан бериле турган жумуш табуу жардамдары менен медиа кызматкерлеринин жеке карьер кызматын алышы, кесиптик билим берүү программаларына катышуусу жана акы төлөнүүчү билим алышына мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул жумуш табуу жардамынын берилиши үчүн сунуштун Европа Парламентинин Жалпы Кеңеши жана Европа Биримдиги Кеңеши тарабынан да бекитилиши керек.

Грецияда экономикалык кризис жана санариптик алмашуудан улам 2011 – 2017 -  жылдардын арасында күнүмдүк гезит жана журнал сатууларында маанилүү катнашта төмөндөө болду.

Өлкөдө 2011 -  жылы 144 миллион гезит жана 60 миллион журнал сатылып, 2017 -  жылы гезит сатуу 57 миллионго, журнал сатуу болсо 23 миллионго артка кеткен. Ушул себептен сектордогу көп сандаган кызматкер жумушун жоготту.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости