www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстанга чакан жана орто бизнести колдоо үчүн 40 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Сentralasia.media жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каржылоо программасы аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө салым кошот, деп билдирди ЕРӨБдүн Ташкенттеги кеңсеси.
Каржылоо пакети ЕБӨРдин Борбор Азиядагы бизнестеги аялдар (WiB) программасынын алкагында чакан жана орто бизнес ишканалары үчүн 30 миллион АКШ долларлык насыя жана ишкер аялдар үчүн 10 миллион доллар насыядан турат.
Программа ишкер аялдарга кесиптик билим алуусуна жардам берет, ошондой эле аларга келечекте бизнесин кантип өркүндөтүү керектиги жөнүндө билим бермекчи.
Бүгүнкү күндө ЕРӨБ 81 долбоорго катышып, Өзбекстандын экономикасына 1,8 миллиард евро инвестиция салган.
Булак: NazarNews.kg