www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) саясат жана өнөктөштүк маселелери боюнча вице-президенти Марк Боуман 27-февраль 1-март күндөрү Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул тууралуу ЕРӨБдун басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Марк Боуман Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экономика министри Данияр Амангелдиев жана юстиция министри Аяз Баетов менен жолугушуу өткөрөт.

Ал ошондой эле Кыргызстанда туруктуу электр энергиясын каржылоо долбоорунун (KyrSEFF III) атайын иш чарасына катышып, юридикалык жактардын электрондук нотариат жана электрондук каттоо боюнча жаңы платформаларын сунуштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости