www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Беларустун лидери Александр Лукашенкону патриоттук күчтөрдүн шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады. Куттуктоонун текстин Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.

«Урматтуу Александр Григорьевич, Сизди бирдиктүү добуш берүү күнүнүн ийгиликтүү өтүшү жана Беларустун патриоттук күчтөрүнүн ишенимдүү жеңиши менен чын дилимден куттуктайм», — деп айтылат документте.

Путин шайлоонун жыйынтыктары Лукашенконун жетекчилиги астында социалдык-экономикалык жактан гармониялуу өнүгүү жана республикадагы стабилдүүлүктү сактоо багытын колдоорун көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

26-февралда Белоруссияда республиканын Улуттук чогулушунун төмөнкү палатасына шайлоонун жыйынтыгы чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 110 депутаттык мандат бөлүштүрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости