www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Еврокомиссия Украинанын талапкерлиги боюнча жообун эмки айда берерин 9-майда төрайым Урсула фон дер Ляйен билдирди. Жетекчи украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшкөнүн, Киев анкетаны толтурушу керектигин Twitter баракчасына жазды.
«Еврокомиссия өз пикирин июнда берүүнү көздөп жатат», - деди төрайым. Кийинчерээк Страсбургда Европарламентте сүйлөгөн кезинде саясатчы «Европанын келечеги - Украинанын да келечеги», - деп белгиледи.
18-апрелде Зеленский Украинанын Евробиримдикке мүчө болуу арызын тапшырган. Ушу тапта документ каралууда. Оң чечилсе, өлкө адегенде талапкер деген макам алмакчы. Бирок ал үчүн блоктун бардык мүчөсү макул болууга тийиш.
Ал эми толук мүчө болуу үчүн Украина узак процедурадан өтүшү керек. Атап айтканда, демократиялык стандарттар, мыйзамдын үстөмдүгү шаркеттин нормаларына төп келтирилүүгө тийиш.
Орусия кол салгандан кийин биримдиктин аткаминерлери бул жараянды тездетүү аракети көрүлөрүн айтышкан.
Булак: NazarNews.kg