www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим жана билим берүү министрлиги улуттук макамы бар ЖОЖдордун ректорлорун дайындоону сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоо процесси тобокелчиликтер менен коштолууда.

«Университеттерде билим берүү процесстерине караганда саясий процесстер көп. Биз дайындоо шайлоого караганда эффективдүү деп эсептейбиз, анткени экинчисинде көптөгөн тобокелдиктер бар. Маселен, тараптар соттошуп жаткандыктан, акыркы эки жылдан бери ОшТУнун ректорун беките албай жатабыз», - деди ал.

29 ЖОЖдун жетекчилерин Билим берүү министрлигинин сунушу менен мамлекет башчысы беш жылдык мөөнөткө дайындайт деп болжолдонууда.

«Мыйзам долбоору кабыл алынса, ректорлорду массалык түрдө бошотуу болбойт. Алар мөөнөтүн бүтүрүшөт. Ректорлордун илимий статусу боюнча да талаптар бар», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости