www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа жана АКШда коронавирустун «дельта» жана «омикрондун» мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы варианттын генетикалык ырааттуулугу Францияда бейтаптан январда алынган үлгүдөн GISAID эл аралык маалымат базасында февралда аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январдан кеч эмес пайда болгон, бирок эч бир жерде оорунун кескин өсүшүнө алып келген эмес жана өтө эле сейрек кездешет.

Дельтакрондун түзүлүшү боюнча ал клеткаларга кирген ийнечелери бар белок – дээрлик «омикрондон», ал эми калганы — «дельтадан».

Мүмкүн, антителолор үчүн ал «омикрон» сыяктуу көрүнөт, ошондуктан ооруп айыккандар жана эмдөө алгандар дагы эле коргоого ээ болушу керек.

Мындан тышкары, ийнечелери бар белоктун өзгөчөлүктөрүнөн улам жаңы вариант «омикрон» сыяктуу COVID-19дун татаалдашууларына салыштымалуу сейрек алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости