www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа өлкөлөрү Иран аймагындагы чыңалуунун күчөшү жана Ормуз кысыгынын жабылып калуу коркунучу себептүү дары-дармектердин жетишсиздигине туш болушу мүмкүн.

 «La Tribune» гезити билдиргендей, бул фармацевтикалык тармактагы жеткирүү чынжырларынын бузулушу менен байланыштуу. Анткени Европа бул тармакта 80 пайызга чейин Кытайга жана Индияга көз каранды. Ал өлкөлөрдө болсо мунай жана газ бааларынын өсүшү өндүрүштүк туруктуулукка таасир этүүдө.

Жакынкы Чыгыш жана Азиядагы аба каттамдарынын кечигүүсү да кырдаалды татаалдаштырып жатат.

Европалык экономикалык изилдөө борборунун (CEPII) өкүлү Дениз Уналдын айтымында:

“Башка жеткирүү жолдору бар, бирок алардын баасы жогору. Ал эми айрым заттардын жеткирүү чынжырлары ушунчалык татаал болгондуктан, бул акырындап жетишсиздикке алып келиши мүмкүн”, - деди ал. 

Биринчи кезекте парацетамол жана бир катар антибиотиктер коркунуч алдында турат.

Мындан тышкары, басылма этилен, карбамид жана парафин сыяктуу көптөгөн компоненттер Перс булуңу өлкөлөрүнөн түздөн-түз алынарын кабарлады.

Последние новости