www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн, 18-майда «TVG Group» эл аралык транспорт компаниясынын директору Ситавичюс Альбертас менен жолугушуу өткөргөнүн билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын жарандарын европалык стандарт боюнча окутуу жана аларды Европа өлкөлөрүндө жумуш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
"Окутуу программасы Кыргызстанда өткөрүлүп, эл аралык европалык стандарттардын негизинде жүргүзүлөт. Бул жарандарга Европа өлкөлөрүнө баргандан кийин кошумча окуудан өтпөстөн сертификат алып эле ишмердүүлүгүн баштоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Ситавичюс Альбертастын айтымында, бүгүнкү күндө алардын компаниясына эле 1000ден ашык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынат. Европада мындай адистердин айлык маянасы 2500 евродон жогору.
Негизги максатыбыз — жарандарды сапаттуу окутуу менен катар аларды туруктуу жумуш мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылуу", - деди Туманбаев.
Кабыл алуу боюнча кеңири маалыматты төмөндөгү номер аркылуу алсаңыздар болот:
+996 555 793 555
https://www.instagram.com/avtomektep.gov.kg?igsh=dG54ZHBlMjVkbW55