www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул талкуу АКШ президенти Дональд Трамптын Дания Королдугунун курамына кирген Гренландияны АКШга кошуу каалоосунан кийин чыккан.
Мисалы: Германия менен Франциянын бир катар футбол чиновниктери Дүйнөлүк Чемпионаттан чыгууну колдошту. Ушул сыяктуу чакырыктар Улуу Британиянын парламентинде да айтылды. The Economist журналы бул маселе Брюсселде Европа Парламентинин деңгээлинде талкууланып жатканын ырастады.
Алгач бул демилге АКШ аскерлери Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармагандан кийин жаңырган. Тактап айтканда, АКШны турнирди өткөрүү укугунан ажыратуу жана бардык беттештерди Канада менен Мексикага жылдыруу сунушталган.
Айрым маалыматтарда күйөрмандар бир күндө эле нааразычылык иретинде АКШдагы беттештерге болжол менен 17 миң билетти кайтарып беришкени айтылат.
Быйыл өтө турган ФИФАнын Дүйнөлүк Кубогуна биринчи жолу 48 улуттук курама команда катышканы жатат. Бул жолу мундиаль үч өлкөдө — АКШда, Мексикада жана Канадада өткөрүлөт. Турнир 11-июндан 19-июлга чейин өтөт.