www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 21-январдан тарта B1/B2 (бизнес/туристтик) визаны алууда күрөөнү маектешүүдөн кийин гана төлөңүз деп эскертти. Эми Америкага кириш үчүн 5-15 миң доллар аралыгындагы каржылык кепилдик талап кылынат. Ал эми алдын ала төлөнгөн акча кайтарылбайт.
Бул АКШнын миграциялык саясатынын жаңы мыйзамы күчүнө киргени билдирет. Кыргызстан күрөө талап кылынган 25 өлкөнүн катарына кошулуп, визалык катаалдыкты сезип баштады. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бул талапты жоюу боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Эң маанилүүсү бул жагдай эл аралык ишкердик, туризм жана адамдардын укугу боюнча жаңы тоскоолдук жаратат. Анткени 15 миң доллар көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн оор экени айдан-ачык көрүнүп турат.
Айткандай, АКШ 75 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга иммиграциялык визаларды да убактылуу токтотуп жатат.