www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 21-январда, юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Биринчи Ысык-Көл форуму 1986-жылы өткөн. Бул Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен уюштурулган ар кайсы өлкөлөрдөн келген чыгармачыл инсандардын жолугушуусу болгон.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев өз сөзүндө юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форуму гуманизмдин универсалдуу баалуулуктарын илгерилетүүгө, адамзаттын келечегине байланышкан глобалдык чакырыктар боюнча мазмундуу эл аралык диалогду тереңдетүүгө, интеллектуалдык кызматташтыкты чыңдоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк гуманитардык процесстердеги ордун бекемдөөгө багытталышы зарыл экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле ал форумду даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы эл аралык талаптарга жооп берген жогорку уюштуруучулук деңгээлде ишке ашырылышы керектигине токтолду.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан форумдун жалпы аталышы, көтөрүлө турган темалар глобалдык процесстерге дал келүүсү керектигин белгилөө менен бирге, бир катар сунуш-пикирлер айтылды.
Соңунда Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев иш-чаранын өтө турган күнү жакындап келе жаткандыгын эске салып, бекитилген иш-чара боюнча туруктуу жана тынымсыз иш алып барууну тапшырды.