www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шамал Улуу Британиянын он миңдеген үйлөрүн электр жарыгынан куру калтырып, транспорт каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.

Францияда шамалдын ылдамдыгы саатына 110 чакырымга жетти. Андан улам Альпы тоолорунда лыжа тепкен адам көз жумса, дагы тогузу жабыркады.  Швейцарияда урагандан улам поезд рельстен чыгып, бир нече жүргүнчү жеңил жаракат алган. Ал эми Нидерланда дарактар кулады.

Ал эми, Франциянын түндүгүндө 200 миңден ашык үй жарыксыз калды.

Германия “Бурглинд” деп атаган шамалдын ылдамдыгы саатына 120 чакырымга жетти.

Ошондой эле, бул шамал Швейцарияда 14 миң үй жарыксыз калса, Австрияда айрым райондорунда көчкү жүрүү коркунучу пайда болду.

Ал эми, Амстердамдын аэропортунда 200дөн ашык каттам үзгүлтүккө учурады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости