www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада Вэнстин сөздөрүнөн чочулоо жаралды

АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнс Дональд Трамп Конгрессте сүйлөөрүнө бир нече мүнөт калганда Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсонго "эсептешүү келе жатат" деп айтканын британдык Daily Express басылмасы эринден окуу боюнча эксперт Жереми Фримерге шилтеме берип жазды.

"Жей-Ди Вэнс Дональд Трамп Конгрессте чыгып сүйлөөрдүн алдында үрөй учурган коркутуучу сөз айтты", — деп айтылат макалада.

Эксперттин айтымында, вице-президент Жонсон менен кандайдыр бир "эсептешүү" тууралуу сүйлөшкөн, бирок анын сөзү кимге багытталганын тактоо мүмкүн болгон эмес.

Макаланын автору Вэнстин бул билдирүүсү Владимир Зеленский менен АКШ президенти Ак үйдө кайым айтышканынан бир нече күн өткөндөн кийин жасалганына көңүл бурат.

Кечээ Дональд Трамп экинчи мөөнөтүндө биринчи жолу Конгресстин биргелешкен жыйынында сөз сүйлөдү. Ал Украинадагы тынчтык жараяны, Панама каналы жана Гренландия боюнча пландары, ошондой эле импорттук товарларга жаңы тарифтерди киргизүү тууралуу билдирди.

Последние новости