www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Владимир Путин Россиянын АКШдагы элчиси кызматына Түндүк Атлантика департаментинин директору Александр Дарчиевди дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Дарчиев элчилик кызматын Вашингтондогу Америка мамлекеттеринин уюмунун алдындагы туруктуу байкоочу кызматы менен айкалыштырат.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, америка тарап Дарчиевди АКШдагы элчиликке дайындоо боюнча нотасын эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлдөрүнүн 27-февралда Стамбулда өткөн жолугушуусунда тапшырган. Ошондо Дарчиевдин АКШга жакын арада кетери айтылган.

Дарчиев Александр Никитич 1960-жылы 14-майда туулган. 1983-жылы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1992-жылдан бери - дипломатиялык кызматта.

Вашингтондогу мурдагы элчи Анатолий Антонов президенттин 2024-жылдын 10-октябрындагы жарлыгы менен кызматынан бошотулган.

Последние новости