www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Владимир Зеленский Украинаны таштап, өлкөдөн чыгып кетиши керек, кагылышууларга катышпаган мамлекетке жайгашып, ошол жактан амнистия алышы зарыл. Мындай пикирин америкалык ишкер Илон Маск билдирди.
Маск бул билдирүүнү X социалдык тармагында, бир колдонуучунун Зеленский согуш бүткөндөн кийин шайлоодо утулуп, коррупция боюнча айыпталып түрмөгө түшүшү мүмкүн деген сөзүнө жооп берип жатып айтты. Колдонуучу Зеленскийди "диктатор" деп атап, ал "бийлик үчүн жазыксыз украиндерди кырылууга жиберип жатат" деп сындаган.
"Бул чындык. Канчалык жагымсыз угулбасын, Зеленскийге кандайдыр бир формада амнистия сунушталып, ал бейтарап мамлекетке көчүп, Украинанын демократияга тынч өтүшүнө жол бериши керек", — деп жазды Маск.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Зеленскийдин "Украинадагы согуштун аягына чыгууга али көп бар" деген сөзүн "эн чоң катачылык" деп атап, Америка мындан ары мындай билдирүүлөргө чыдап турбасын белгилеген.
Өткөн аптада Трамп Ак үйдөгү Овал кеңсесинде Зеленскийди катуу сынга алды. Украин президенти өлкөсүнүн кен байлыктарын биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюу үчүн Вашингтонго барган болчу. Бирок Трамп андан ок атышууну токтотууга макул болууну жана Россиянын президенти Владимир Путинди сындоону токтотууну талап кылды.
АКШнын вице-президенти Жей-Ди Вэнс Зеленскийди "демократтарды колдогон ыраазы болбогон агитатор" деп атап, ал өзүн актоого, Москваны айыптоого жана ал тургай АКШга согуштун кесепеттерин сезесиңер деп коркутууга өткөнүн билдирди.
Натыйжада, Киевден келген делегацияны Ак үйдөн чыгарып салышты, ал эми макулдашуу кол коюусуз калды.