www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европанын батыш аймагын 2026-жылдын июнь айынын аягында каптаган рекорддук аптап ысыктын кесепетинен 10 миңден ашуун адам каза болгонун Reuters агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 22–28-июнь аралыгында Европанын 27 өлкөсүндө жалпысынан 10 миң 650 адамдын өлүмү катталган. Алардын 9 миңден ашыгы 65 жаштан жогорку жарандар болгон.
Бул маалыматтарды Европа Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (ECDC) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) колдоосу астында иш алып барган EuroMOMO тармагы жарыялаган.
Адистердин айтымында, катуу ысык күн өтүүгө алып келип, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларын күчөтөт. Өзгөчө улгайган адамдар мындай аба ырайынан эң көп жабыркайт.
Даниянын Statens Serum Institut мекемесинин башкы дарыгери Лассе Вестергаард жылдын бул мезгилинде мындай көрсөткүч адаттан тыш көрүнүш экенин белгилеген.
«Мындай жогорку өлүм көрсөткүчүн катуу аптаптан башка фактор менен түшүндүрүү кыйын», — деген ал.
Окумуштуулар июнь айынын аягындагы мындай ысык толкуну адам ишмердүүлүгүнөн улам келип чыккан климаттын өзгөрүүсү болбогондо дээрлик катталмак эмес экенин белгилешет. Алардын айтымында, глобалдык жылуулуктун кесепетинен аптап толкундары барган сайын тез-тез кайталанып, күчөп бара жатат.
Белгиленгендей, EuroMOMO жарыялаган маалыматтар 27 өлкөнүн улуттук статистикасына негизделген жана ысыктан түздөн-түз каза болгондорду гана эмес, ошол мезгилде бардык себептерден улам катталган өлүмдөрдү да камтыйт.
Уюм өлкөлөр боюнча так көрсөткүчтөрдү жарыялаган эмес. Бирок июнь айынын акыркы жумасында эң жогорку өлүм көрсөткүчтөрү Франция менен Бельгияда катталганы маалымдалды. Ал эми Бельгияда бул 2000-жылдан берки аптап мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүч катары бааланууда.
Буга чейин маалымдалгандай, июнь айындагы ысык толкуну учурунда Франция, Бельгия жана Нидерландияда алдын ала эсептөөлөр боюнча кеминде 3 миң 700дөн ашуун адам каза болгон.
Ошондой эле Германияда 2026-жылдын башынан бери аптап ысыктын кесепетинен болжол менен 5 миң 120 адам көз жумганы кабарланган.