www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу эки мамлекет үчүн тең күчүнө кирди.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, документ соттолгон жарандардын жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөөсүнө укуктук негиз түзөт.

Бул алардын укуктарын коргоого, үй-бүлөлүк жана социалдык байланыштарын сактоого, ошондой эле коомго кайра интеграцияланышына өбөлгө болот.

Учурда Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жаза өтөп жатат. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин алар белгиленген тартипте өз өлкөсүнө өткөрүлүп, жаза мөөнөтүн ошол жактан улантуу боюнча өтүнүч бере алышат.

Ар бир кайрылуу эки өлкөнүн мыйзамдарына жана макулдашуунун талаптарына ылайык өзүнчө каралат.

Макулдашуунун долбоорун даярдоо, Пакистан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аны күчүнө киргизүүгө байланышкан мамлекеттик жол-жоболорду координациялоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишке ашырылган.

Башкы прокуратура эл аралык кылмыш-жаза тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантарын билдирди.

Последние новости