www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Молунов менен жолугушту.

Жолугушууда агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Беларусь премьер-министринин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, картошка өстүрүү жана кайра иштетүү, эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы, селекция жана үрөнчүлүк тармактарындагы кызматташтыктын келечегин карашты.

Жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана агрардык багыттагы кызматташууну мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.

Последние новости