www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров кызы Жанайымдын “Алтын балалык” балдарды реабилитациялоо борборунда балдарга белек таратып жаткан видеосу боюнча түшүндүрмө берди.
Мамлекет башчысы бул аракет пиар же балдарын саясатка аралаштыруу эмес экенин айтып, үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик иштерге аралаштырбай турганын белгиледи.
Жапаровдун айтымында, “Алтын балалык” борбору анын тапшырмасы менен курулуп бүтүп, аймактардагы, өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эс алуу жана реабилитация мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн.
Президент жыл сайын борбордо балдарга белек-бечкектер тапшырылып келерин, бул жолу иш-чарага өзү жана жубайы катыша албай калгандыктан, кызы Жанайым белектерди таратып койгонун билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага ЖМК өкүлдөрү чакырылган эмес жана маалыматты таратуу максаты болгон эмес.
Видеону борборго келгендердин бири тартып, социалдык тармакка жарыялаган.
«Муну саясат кылуунун деле кереги жок», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан “Алтын балалык” балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга президенттин кызы белек тапшырган.