www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европарламенттин Франциянын «Национальное объединение» партиясынын мүчөсү Тьерри Мариани Евробиримдик кимдин таасири астында Орусияга каршы позицияны ээлегенин айтты. Бул тууралуу ал Valeurs Actuelles гезитине берген маегинде билдирди.
Парламентарий Европадагы антиорусиялык кампаниянын демилгечисин атады жана Европа Биримдигинде (ЕБ) мындай риториканын чыгышына Чыгыш Европа өлкөлөрү себеп болгонун айтты. Анын пикиринде, уюмдун чыгышка кеңейиши ойлонулбаган жана шашылыш болгондуктан, Евробиримдик өзүнүн жаңы мүчөлөрүнүн таасирине алды.
«Натыйжада Европа Биримдиги бул жаңы мүчөлөргө көз каранды болуп калды. Орусияга карата, айталы, Түштүк европалык латын дүйнөсүнүн өлкөлөрүнүн пикири боюнча, Орусияга тарыхый жактан душман болбогон жана жалпы жыргалчылыкка умтулгандын ордуна, Брюссель Чыгыш Европа мамлекеттерине көз каранды болуп калды», - деп баса белгиледи Мариани.
Евробиримдиктин жетекчилиги «тарыхый жактан Орусия менен кастык өкүмүн чыгаргандай көрүнгөн» ассоциациянын жаңы мүчөлөрүнүн пикирлерине таянып, чыгыш канатта өз саясатын жүргүзө баштады. Эл өкүлү бул факторду Украинада атайын аскердик операция өткөрүүнүн себептеринин бири деп атады.
«Эгерде Европа башкача позицияны карманса, анда биздин Орусия менен үзгүлтүккө учурашыбыз мүмкүн эмес жана Украинадагы жаңжал сөзсүз болмок эмес», - деп жыйынтыктады саясатчы.
Белгилей кетсек, буга чейин Мариани Украинанын президенти Владимир Зеленскийди калп айтып жатат деп айыптаган. Анын пикиринде, мамлекет башчысы Батыштын туура эмес түшүнүгү менен ойноп, Европа өлкөлөрүн алдап, аларды курал-жарак менен камсыздоого көндүргөн.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg