www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Польшанын 56 жаштагы жараны кармалды. Ал бир катар оор кылмыштарга шектелип, Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, кармалган жаран Варшавада тоноо, опуза талап кылуу, баңги жана психотроптук заттарды сатуу, жасалма акча жүгүртүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, алдамчылык жана жасалма документтер менен алектенген кылмыштуу топту жетектеген.
«Шектүү мыйзамсыз жүгүртүүгө 18 килограммдан кем эмес амфетаминди, ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды, анын ичинде 16 500 даанадан кем эмес метилдиоксиметамфетамин (экстази) таблеткаларын жана 6 килограммдан ашык марихуананы, 100 злотый жасалма банкнотторун, жалпы баасы 600 000 злотыйдан кем эмес жүгүртүүгө киргизишкен. Мындан тышкары, алдамчылык банк схемасы уюштурулуп, 8000 злотый насыя алууда негизги ролду ойногон», — деп жазылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын ИИМидин кызматкерлери А.Г.М. аттуу жаранды Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматына жеткирди.