www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европага дагы бир кооптуулук жакындап келе жатат

Европалык компаниялар Россиядан келген жаратылыш газы, энергоресурстар тартыш болгондуктан жер семирткичтерди өндүрүүнү азайтып жатат. Бул тууралуу Forbes жазган.

"Евробиримдиктин акыркы "жетишкендиктери" өзүн-өзү аксатышы болду", — деген басылма.

"Түндүк агым" газ түтүктөрүн ишке киргизүү токтотулгандан кийин газдын баасы асмандады. Ал эми азот жер семирткичтерин даярдоодо европалык компаниялар жаратылыш газын колдонуп келгендиктен абал өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Өндүрүш көлөмү улам кыскарып баратканы айтылды.

Антироссиялык санкциялар жер семирткичтин баасын алтынга тете кылууда. РФтен бул товарда импорттоого тыюу салынбаганы менен, өндүрүштүн темпин азайтып, башка өлкөлөргө чыгарууга чек коюшту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости